16-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Жиндиканадан качкандар" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аталган тасмада "Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев дагы эпизоддук роль жараткан. Тасманын ачылышына шоу-бизнес өкүлдөрү дагы баш багышты. Алар; актёрлор Атай Өмүрбеков, Эркин Эгембердиев, Болотбек Тилек, Асел Чоткараева, ырчы Курал Чокоев жана башкалар.
Тасманы көрсөтүү адаттагыдай эле убактысынан кеч башталды. Эң кызыктуу жери катары аталган тасманын актёрлук курамы тасмадагы кийимдерин кийип келишти.
"Жиндиканадан качкандар" тасмасынын режиссёру Эркинбек Майрамбек уулу төмөндөгүлөргө токтолуп өттү:
"Башында тасма "Чымкоргондук качкындар" болуп чыккан эле. Чымкоргондо Кыргыз мамлекетиндеги эң чоң жиндикана жайгашкан. Тасманы биринчи аталышы менен жарнама кетиргенибизде Чымкоргон айылынын тургундары министрликке жана бизге кайрылышкан. Ортодо сүйлөшүүлөрдөн кийин тасманын аталышын өзгөрттүк.
Бул тасма достук, сүйүү жана ыйман жөнүндө. Тасманы сөзсүз түрдө сабак алуу үчүн эмес, мээни сергитип, кайгы-капаны унутуу үчүн көрсө болот. Ал эми тартуу иштери Нарында жана Бишкекте болду. Толук 3 айга чукул убакытта тартып бүттүк", - дейт ал.
Аталган тасма боюнча актриса Асел Чоткараева өз оюн айтып өттү:
"Жиндиканадан качкандар" тасмасынын режиссёру Эркинбек Майрамбек уулу учурунда "Туңгуч" театрында окуган. Билишимче, бул анын эң алгачкы эмгеги. Тасма башталганда эле элдин көңүл борборуна айланганы маалым. Эркиндин бул дебюттук тасмасы болгондуктан кемчиликтери дагы болушу мүмкүн. Бирок кино тармагында мындай жанрдагы тасманын тартылышы биз үчүн чоң жаңылык", - дейт ал.
Тасмада роль жараткан актёрлордун бири Руслан Орозакунов төмөндөгүлөргө токтолду: "Бул тасманы көргөн ар бир көрөрман өзүнүн ички туюмуна жараша кабыл алат болуш керек. Мен аталган тасмада башкы каармандардын биринин ролун жараткам", - дейт актёр.
Ал эми "Жиндиканадан качкындар" тасмасына кыскача токтоло кетсек, алгач эле жиндиканадагы адамдардын жашоосун билүү максатында келген жаш журналист кызды жиндиканада дарыланган жигит сүйүп калып, кызга сүйүүсүн айтуу максатында жиндиканадан күтүүсүз кырдаалда 3 досу менен качып чыгып, белгисиз багытты көздөй бет алат.
Тасма комедия менен коштолуп, ошол эле учурда ар кандай жеке көйгөйлөрдөн улам жиндиканага түшкөн адамдардын окуясы менен коштолот.