17-январга караган түнү футбол боюнча Италиянын Суперкубогу үчүн "Ювентус" жана "Милан" клубдары беттешти.
Оюндун 61-мүнөтүндө туриндиктердин чабуулчусу Криштиану Роналду гол жаратып, "Ювентусту" алдыга алып чыкты. 73-мүнөттө "Миландын" жарым коргоочусу Франк Кессье орой оюну үчүн кызыл айып кагазын алып, командасын таштап кетти. 90-мүнөткө чейин оюн эсеби өзгөрүүсүз сакталып, "Ювентус" минималдык жеңишке жетти. Муну менен туриндик клуб өз тарыхында 8-жолу Италия Суперкубогун утса, Роналду жаңы клубдагы алгачкы кубогуна ээ болду.
Криштиану Роналду өткөн жылдын жай айларында 112 миллион еврого "Ювентус" клубуна өткөн. Буга чейин ал "Спортинг", "Манчестер Юнайтед" жана "Реал Мадрид" клубдарынын курамында ойноп келген.