Кыргыз өлкөсүндө аялдарга карата зордук-зомбулук анын ичинде ала качуу, кыйноо азайган жок. Мындай маалыматты эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму 2018-жылга карата отчётунда келтирген.
Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн берилген арыздарды артка кайтарганы айтылып, бул кадамга оң баа берилген. Аталган уюм адам, анын ичинде аялдардын укугу корголбой жатканын белгилеген.
"Акыркы 2 жылда өлкөдө балдарга жана аялдарга карата 9000 зордук-зомбулук фактысы катталып, 5456 административдик жана 784 кылмыш иши козголгон. Ала качуу учурунда милиция бөлүмүндө каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясынын кийин Бириккен улуттар уюмунун агенттиги Кыргыз бийлигин аялдардын укугунун корголушу жаатында атайын чараларды көрүү боюнча кайрылган", - деп жазылат маалыматта.