Учурда социалдык тармактарда 10 жыл мурунку сүрөтүн жүктөө вируска айланды десек болот. Себеби аталган #10yearchallenge деген хэштег менен дүйнөнүн булуң-бурчундагы адамдар сүрөт жүктөп отуруп, мындай сүрөттөрдүн саны 2 жарым миллиондон ашкан. Жогорудагы сандар саат, мүнөт санап өсүүдө. Дал ушул челленджден артта калбай биздин Кыргыз өлкөсүнүн шоу-бизнесинин өкүлдөрү да сүрөттөрү менен бөлүшүүдө. Алар: ырчылар Курал Чокоев, Айнура Салахидинова, Айпери Кубик кызы, Айдана Дека,актриса Альбина Имашова, тамашоучу Актан Рыскелдиев жана башкалар. Анда аталган сүрөттөргө көз салалы.
Аталган хэштег менен америкалык ырчылар Женнифер Лопес, Мадонна, Ники Минаж, ошондой эле орусиялык ырчы Жасмин, Согдиана жана корей актрисасы Мун Чхэ Вондор дагы сүрөтүн жарыялады.