Кыргыз өлкөсүнүн футболчусу Айдана Оторбаева 2018-жылдын май айында испаниялык "Madrid CFF" клубу менен келишим түзгөн. Бирок ал социалдык тармактагы баракчасына виза маселесинен улам Испаниядан кеткенин жазып чыкты.
Оторбаева визанын жарактуу мөөнөтүн узартуу маселеси мындай чечим кабыл алууга мажбур кылганын белгилеген. "Менин жолум жеңил болгон жок. Ошондой болсо да "Мадриддеги" кароодон оң жооп алгам", - деген ал.
Футболчу Европага болгон сапары оор болгонун, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн кошумчалаган. "Мени Испанияда машыктыруучум, айрым кыздар да күтүшүүдө. Бизде ар дайым бир жол, тандоо болот. Испанияга виза ала албадымбы, демек, башка тарапка алам. Бир эшик жабылса, экинчи эшик ачылат", - деген Оторбаева.