Америкалык актриса, ырчы, модель Кирстен Данст 10 миллион доллар гонорардан баш тартууда. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, "Ийгиликке жет!" комедиясынын уландысын тартуу үчүн режиссёрлор актрисага 10 миллион доллар өлчөмүндөгү гонорар сунуштаган. Бирок актриса мындай сунушка макулдугун бере электигин анын жакындары билдирген.
"Кирстен Данст тасмага тартылуу боюнча сунушка жооп бербей, убакытты созуп жатат. Анткени ал 8 ай мурда балалуу болуп, ашыкча салмак кошуп алган. Азыр ал спорт менен машыгып, үнөмдөп тамак жеп, ашыкча салмактан арылууга аракет кылган жок. Себеби Данст спортту жаман көрөт", - деп билдирген.
2000-жылы экранга чыккан "Ийгиликке жет!" тасмасында Кирстен Данст башкы каармандын ролун жараткан.
Кирстен Данст 2017-жылы актёр Жесси Племонско турмушка чыгып, түгөйлөр 2018-жылы уулдуу болушкан.