Унаа терезесин караңгылаткан айдоочулар. Бүгүн Бишкектеги бир көчөнүн кесилишинен эле 10дон ашык айдоочу кармалып, айыпка жыгылды

Транспорт жана жолдор министрлиги менен Ички иштер министрлиги өлкө аймагында биргеликте рейд өткөрүп, унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга айып салууда.

Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн эртең менен эле Бишкектеги Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен 10дон ашык айдоочу кармалып, жеке жактарга 3 миң сомдон, юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынды. Салынган айып пулдар 30 күндүн аралыгында банк аркылуу төлөнүшү керек. Эгерде белгиленген убакыт ичинде төлөнбөсө, ар бир күн үчүн айып пулдун көлөмү 1 пайыздан жогорулатылып турмакчы.

2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген "Эреже бузуу" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, унаанын терезесин караңгылаткандарды тескөө Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилген. Бирок учурда өкмөт бул милдетти кайрадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп алууну демилгелөөдө. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, тийиштүү комитет 1-окуудан колдоп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dimonbek
2019-01-22 13:13:52
Туура кылат
+4
Kyrgyz_bloger
2019-01-22 13:24:26
Канча жеке жактар канча юридический жактар кармалды так айтпайбы канча штраф тушот билели и кобунчо кимдер карангылатат
+4
Aidarov1988
2019-01-22 13:38:19
Туура
+3
aerforce
2019-01-22 15:10:36
бизнесиңер жакшы экен тонировка чаптагандарда жыргашты эми силер жыргап
+1
Jigitchem
2019-01-22 15:50:36
Туптуура
0
Jigitchem
2019-01-22 15:51:05
Мыйзамды сыйлабагандарга катуу чара коргуло
+1
Sahka
2019-01-22 16:13:34
Бийликти кээде тушунгонго аракет кылып да майнап чыкпайт ко чиркин. Кантип тонировканы транспорт министрлиги карасын. Воооще соз жок.
+1
Sahka
2019-01-22 16:15:33
Жанына медиктерден, юристтерден да кошуп койгула.
+2
munar1980
2019-01-22 16:17:30
Албетте чондор озулору жана балдары карангылатат карапайым калк андай кыла албайт
+2
Adi.Avazbekov
2019-01-22 23:20:52
Ka9ktagy myizamdardy chygarywat emne emi gailer janyna birden min transportton da adamdardy kowup alywaby kyzykdai ele myizamdar chygyp baratat
0
Bars88
2019-01-23 08:13:13
Банктан хуже болуп кетет го кунуно 1%дешип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан