Ошто унаа уурдаганга шектелип 45 жаштагы жаран кармалды
Ош шаарында унаа уурдап кеткен 45 жаштагы Б.К. кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылы 20-ноябрда Ош шаарынын тургуну 19-ноябрь күнү кечки саат 8дер чамасында белгисиз бирөө Сузуки үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Жыйынтыгында кылмышка шектелип жогоруда аталган жаран кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.