Экинчи ирет ата болгон рэп аткаруучу Добр: "Кызым төрөлө электе эле ага ысым тандап койгонбуз"

Рэп аткаруучу Добр 22-январда экинчи ирет ата макамына ээ болду. Ырчы мырзаны куттуктап ага байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду:

"Учурда жубайым Жибек менен кызымдын абалы жакшы. 4-төрөтканада саат 21:45те көз жарды. Салмагы 3 килограмм 300 грамм, ал эми бою 50 сантиметр экен. Кыздуу болгон сонун сезим экен. Ысымын буга чейин эле тандап койгонбуз, бирок азырынча айтпай турайын".

Эске салсак, рэпер мырза 2016-жылы 19-августта тун наристелүү болуп, ага Азирет деген ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2019-01-23 02:11:30
Өмүрү узун болсун!!
+7
Nurzada_0111
2019-01-23 03:13:19
Бактылуу кыз болсун
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан