Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев "Аргымак" федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
"24-январда Чүй облусунда "Аргымак" федерациясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга федерация жетекчилиги, ат спорту боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрү жана жети облустан келген 150 федерациянын мүчөсү катышты. Жыйналыштын жүрүшүндө 2019-жылы аткарыла турган иштер талкууланып, Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев федерациянын президенти болуп шайланды. Буга чейин "Аргымак" федерациясын Иса Өмүркулов жетектеп келген", - деп айтылат маалыматта.
Урматбек Самаев 1986-жылы Чүй облусундагы Он Бир-Жылга айылында туулган. 2012-жылы Каракол шаарындагы Мамлекеттик юридикалык академияны аяктаган.
2012-15-жылдары Токмок шаардык кеңешинин, 2016-жылы "Кыргызстан" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2018-жылы Көк бөрү федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган.