25-январда Бразилиядагы Минас-Жерайс штатынын түштүк-чыгыш тарабында 3 дамба жарылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дамба металлургиялык өнөр жайдан чыккан калдыктарды тосуп турган. Жогорудагы кырсыктан улам дамбага жакын жердеги курулуш иштери, турак үйлөр жана административдик имараттар жок болгон.
Кырсык болгон учурда "Vale" кен казуучу компаниясынын 300 кызматкери иш үстүндө болгон. Бүгүнкү күндө 300 кызматкердин 200ү дайынсыз болууда, ал эми каза болгондордун саны 50гө жеткени айтылууда.