Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Кечээ, 26-январда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүйөркулов көчөсүнүн №33-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 2-кабатынан өрт чыккан. "Көп кабаттуу үйлөрдүн бири өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 23:03тө өрт чектөөгө алынган. Ал эми өрт толугу менен саат 23:57де өчүрүлдү. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматкерлери кырсык болгон жерге тартылган. Жабыркагандар жок. Болжолдуу түрдө батирдин 45 чарчы метр аянты жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат",- деп билдирди ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан