Орусиялык атактуу мушкер Фёдор Емельяненко Райан Бейдерден нокаутка учурады

Кечээ, 27-январга караган түнү орусиялык мушкер Фёдор Емельяненко оор салмак боюнча Bellator беттешинин финалында америкалык мушкер Райан Бейдерге утулуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, баары күткөндөй беттеш узакка созулган жок. 42 жаштагы мушкер Фёдор Емельяненко беттештин алгачкы мүнөттөрүндө эле нокаутка учурады. Алгач ал тең салмакты жоготуп, биринчи узатылган соккуну өткөрүп жиберген. Кайра экинчи узатылган сокку беттештин жеңүүчүсүн аныктаган сокку болду. Беттештин жыйынтыгы Фёдор Емельяненконун карьерасын жыйынтыкталышынан кабар берет деген маалыматтар айтылууда.

Буга чейин Фёдор Емельяненко апрель айында Bellator мелдешинин чейрек финалында Фрэнк Мирди алгачкы раундда жеңип алган. Ал эми жарым финалда америкалык Чейл Соннен менен болгон беттеште ага 1 раунд гана жетиштүү болгон эле.

Бул беттеш орусиялык мушкердин карьерасындагы 45-беттеши. Жогорудагы жеңилүүдөн мурун ал 38 беттешин жеңиш менен, анын ичинен 14 беттешти нокаут менен жеңген. 5 жеңилүүсү жана 1 өткөрүлбөй калган беттеши бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
AIA-TOO
2019-01-27 13:52:36
Ак Аюга окшоп соонун түшүрүптүрго. Емелянко картайып калганда жөөн эле өз абийириң менен эле спорттон кетип калсаң болмок. Эми эмне болдуң? Албетте шерменде болуп кеттиң, 30 секундда Нокаут болуп).
-5
Komrad
2019-01-27 14:17:21
Нокаут. Жыйынтыкталышы.
+3
Skarlett-Skarlett
2019-01-27 14:52:57
Федя,менин суйуктуу боксёрум.
-1
Kylychisa
2019-01-27 19:34:47
Skarlett-Skarlett,ал боксёр эмес
+4
ruslan868600
2019-01-27 16:44:05
Легенда
-2
rysik79
2019-01-27 16:55:58
Федя далилдеп буткон. Урганды уруп да буткон эчааак эле. Федордой адам болгончо бейдер 100 жолу нокаутка тушот го.
+1
Dembele84
2019-01-27 17:00:00
Емельяненко карьерасын жыйынтыктайт.
+1
Nake94
2019-01-27 17:52:24
Фёдор последний император бойдон калды..
Фёдордун жашы келип калды...
Тойсонда женилген жашы келгенде..
Фёдор Емельяненко
+3
mirbek2211
2019-01-27 22:02:30
Канча убакыт чыдамсыздык менен куттум эле , мынчалык тез бутот деп такыр кутпогом, Фёдорго куйормандык кылып аттым эле болбой калды. Старость не радость-дегендей эле болду го бул жагы.
+1
KG.Kushtarbek
2019-01-27 23:17:56
Мындай болбош керек еле сол ударга тушуп калды.бой сатылган
+1
rususu
2019-01-28 03:05:14
Фёдор баары бир кучтуу мушкер
+2
PROS
2019-01-29 08:58:21
Мурдагы Федор жок азыр, ошентсе да бөрү карыса бир койлук алы бар демекчи, мурдагы эки сопернигин жеңди. Ошого да ыраазы болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан