АКШда өткөн эрежесиз уруш боюнча мелдеште кыргыз мушкери Тилек Машрапов жеңилүү ызасын тартып калды.
Тилек Машрапов кезектеги беттешин "Titan FC" уюмунда өткөрүп, бразилиялык Леандру Силва менен кез келген. Буга чейин Машрапов Рико Фаррингтонго каршы кез келмек, бирок ал жаракат алып калып, анын ордуна Силва чыккан. Беттештин 2-раундунда , бразилиялык мушкер Машраповду нокаутка учуратты.
Муну менен Тилек Машрапов профессионалдык карьерасында 9 беттеште жеңишке жетип, 4-жолу жеңилүү ызасын тартып калды. Ал эми Леандру Силва 23-жеңишине жетип, буга чейин 7 жолу жеңилип, 1 жолу атаандашы менен тең чыккан.