Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу АКШда өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште күмүш медалды тагынды

Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу АКШда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалдын ээси болду.

Олимпиада чемпиону Дейв Шульцтун элесине арналган мелдеште Самат Надырбек уулу 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Надырбек уулу финалга чейин өтүп, АКШлык Коди Брювер менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө АКШлык балбан эсепти 10:0гө жеткирип, жеңишти илип кетти. Самат Надырбек уулу күмүш медалга ээ болсо, коло медалды АКШлык Бен Витфорд тагынды.

Буга чейин Самат Надырбек уулу АКШда өткөн мелдештерде 2 жолу алтын медалды жеңип алган. 2018-жылы "Bill Farrell International" аталышындагы мелдеште жеңүүчү аталса, 2017-жылы Дейв Шульцтун элесине арналган мелдеште жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан