Тоолорду эңсейсизби? Анда өзүңүз жетпесеңиз да, көзүңүз жетсин. Кегети капчыгайына болгон саякат (фоторепортаж)

20 метр шаркыратма, асман тиреген карагай-чер, кымгуут шаардан алыстаткан таза аба, кар баскан тоолор... Кыргыз жеринин сулуулугуна суктанып бүтүү мүмкүн эмес экендигин дагы бир ирет далилдеген төмөндөгү фоторепортаж сиз үчүн.

Кегети капчыгайы.

Чүй облусундагы эң кооз жерлердин бири болгон Кегети капчыгайы Бишкек шаарынан 90 чакырымдай алыстыкта, унаа менен барсаңыз орто эсеп менен бир жарым саат убакытты талап кылат. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталып, Чүй дарыясына жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 55 чакырым, алабынын аянты 290 чарчы чакырым. Жогору жагында токойлуу кууш өрөөн менен аккан өзөнүндө шагыл-таштар, босоголор бар.

Кегети шаркыратмасы.

Аталган капчыгайдын кире беришинде бийиктиги 18-20 метр болгон шаркыратма акиташтуу тик кашаттан кулап түшөт.

Тоону сүйгөн кыргыз, тоого тартылып жаткандай. Эс алгандардын басымдуу бөлүгү биздин жаштар, студенттер экени кубандырат. Алыс чакырымга сумка асынып, катар баскан саякатчылар көп.

Шаардын ичинен эч кайда чыкпай туруп Кыргыз өлкөсүн жактырбаган жарандар, бир ирет биздин Ала-Тоонун керемет жерлерин көрүп келдиңиз беле? Чет элдик туристтер көргөн сулуулукту сиз дагы көрө аласыз, мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Ал үчүн эс алуу күндөрү интернеттен баш көтөрбөй үйдө жаткыча саякатка чыгууну жана чет өлкөгө ашыккандан биринчи өз өлкөңүздүн ушундай жерлерин көрүп келүүнү сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tunerbei1812
2019-01-30 18:52:48
Керемет жерлер чиркин.
+1
volk27
2019-01-30 19:26:00
Тоолордо деле кар азго
0
Azatbek.Svoboda.
2019-01-30 19:32:19
Жаратылышыбыз жакшыго а бирок эми кок уйдогулор коруп охоо дагын кытайга сата турган жерлер кооп экен атабыз кытай менен мамиле кылабыз дегенго сатканга шанс бар дешпесин!
+8
Edil2991
2019-01-30 19:39:54
Жанылай айым суротко тартып келген го, откондо тоодо журот эле.а так сонун.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-30 20:05:08
Ананайын Кыргызстаным!
+1
Medina87
2019-01-30 21:21:13
Кыргыз жерим керемет!!!
Мен Кыргызстандын атуулумун деп айтыштан жалыкпайм!!
Сагындым КЫРГЫЗСТАНым менин, суроттон болсо да коруп конулум тойду!!
+1
semo
2019-01-30 21:46:02
Кыргыз жерим ото кооз барктайлы коргойлу
+1
Nurtilek06
2019-01-31 10:36:42
Кыргыз жери кандай сонун коооз
+1
kairan_ozum
2019-01-31 11:58:28
Бала кезде жазында калтырбай бараар элек шаркыратмага деп Чуйдун керемет жерлеринин бири!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан