Ырчы, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти Назира Токонова башынан олуттуу операцияны өткөрдү. Ырчы айымга байланышканыбызда, учурда Бишкек шаарындагы №4-ооруканада дарылануусун улантып жатканын белгиледи.
Айтымында, белине суук өтүп, сөөккө өтүшүп кеткендиктен омурткага операция жасалган.
"Омуртканын кичинекей бөлүгү сууктан кертилип кетет экен, ошол жерге аппарат салынды. Операция 1,5 саатка созулду. Оорудан өткөн касың жок деген чын экен. Бардык ооруган адамга, соо адамга да ден соолук каалап калдым. Күтүүсүз жерден эле ооруканага келдим. 3 ай мурун белим ооруп баштаган, көрсө суук өткөн экен. Беш күн мурун операция ийгиликтүү өттү. Эми 3 ай тиешелүү режимди катуу сактап жашайм", - деди ал.
Айта кетсек, Назира Токонова музыка сүйүүчүлөргө "Сагыныч", "Сага", "Мейли эстебе", "Өкүнүч", "Кайгырба, жаным" жана башка ырлары менен белгилүү.