Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 51 жашка толду. Ырчы мырза Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын кичүүсү.
Ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда буларга токтолду:
"Алгач жубайым куттуктады, андан кийин кызым таңкы саат 6 жарымда жаныма келип, "ата, туулган күнүңүз менен" десе жүрөгүм эзилип, көзүм жашылданып кетти. Быйыл дагы адаттагыдай эле бильярд боюнча турнир өткөрөбүз. Бирок жылдагыдан айырмаланып быйыл достор арасында гана өтөт. Башкача айтканда, маалымат каражаттарынан эч кимди чакырган жокпуз. Себеби айрым досторубуз сүрөткө, видеого түшкөндү жактыра беришпейт. Турнирде кадимкидей баш байгеге баалуу белектер коюлат".
Ырыскелди Осмонкулов 2-класстан кийин Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, ал жактан Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Музыкалык мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган.