Соцфонд 2013-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 570,9 миң адамды түзгөнүн билдирет. 6 ай аралыгында өлкөдө пенсия жана жөлөк пул берүүгө 14 360,6 миллион сом жумшалыптыр, 1-июлга карата Соцфонддун пенсия боюнча карызы жок. Тийиштүү мыйзам боюнча пенсиялык төлөм пенсия алуучунун каалоосуна жараша анын банктык эсебине которулуп же жашаган жерине почта кызматы аркылуу жеткирилет.