Кыргыз күрөшүн өнүктүрүү үчүн өлкөгө чет элдик машыктыруучулар чакырылат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов балбандар Кенжебек Өмүралиев жана Данияр Көбөнов менен жолугушуу өткөргөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө эркин күрөш жана грек-рим күрөшүн өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары жогорку квалификациялуу балбандарды даярдоо, кыргыз күрөшүн өнүктүрүү максатында чет элдик машыктыруучуларды чакыруу боюнча сөз болгон.
Белгилүү болгондой, Кенжебек Өмүралиев 1994-жылы Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча коло медалынын ээси болсо, Данияр Көбөнов Азия оюндарынын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.