Улуттук курама команданын футболчусу Тамирлан Козубаев бойдокчулук менен коштошту

Футболчу Тамирлан Козубаев бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футболчу өзү тастыктады.

Анын айтымында, үйлөнүү-үлпөт тою кийинчерээк болот.

"Жубайымдын аты Эльзада. 21 жашта. Бишкектеги университеттердин биринде окуйт. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азырынча сөйкө салып, нике окутуп үйүнөн алып кеттим. Чоң той кийинчерээк болот.

Учурда мен Малайзиядамын. Бул жактагы ПКНС клубунун оюнчусу болдум. Алдыга койгон максаттарымды аткаруу үчүн аракет кылып жатам. Жакында эле келгениме байланыштуу алгач өзүм көнүшүп алгандан кийин жубайым келет", - деди Козубаев.

Белгилей кетсек, буга чейин "Дордой" футболдук клубунда ойноп келген Тамирлан Козубаевдин келишими аягына келип, эркин агент катары малайзиялык ПКНС футболдук клубу менен 1 жылдык келишим түзгөн.

24 жаштагы Тамирлан Козубаев "Дордой" клубунда негизги оюнчулардын бири болуп келген жана Кыргыз улуттук курама командасы менен Азия Кубогунда 4 оюнга катышып, өзүн мыкты көрсөтө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-01-29 14:21:30
Таак, уйлонуп эле озун Малайзияга кеттин аялын Бишкекте калдыбы ээ.
+1
Flowhive
2019-01-29 17:08:26
Бактылуу бол, бирок голдорду өлтүрдүн да
+2
Muzik
2019-01-30 11:13:36
Уч голду пропускать эттин,ойнобой эле койчу сен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан