Бишкек шаарында жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында өлкө чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө биринчилигине 17 жашка чейинки спортчулар катышып, алар Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан келген. Жалпы эсепте мелдешке 300гө жакын спортчу катышты.
"Дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында өлкө чемпиондугу өттү. Катышуучулар ядро ыргытуу, бийиктикке, узундукка секирүү, 60, 200, 400, 800, 1500 жана 3000 метр аралыгында жарышуу, 60 метр аралыкта тоскоолдуктар менен жарышуу жана эстафета боюнча күч сынашты. Жеңүүчүлөр спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекциянын атайын дипломдору менен сыйланышып, 15-17-мартта Кытайдын Гонконг шаарында өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алышты", - деп айтылат маалыматта.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Узундукка секирүү боюнча мелдеште
Эркектер арасында:
- 1-орун: Никита Оптов
- 2-орун: Артур Байчоров
- 3-орун: Атай Абдылдаев
Кыздар арасында:
- 1-орун: Сабина Батажиева
- 2-орун: Алия Самаркул кызы
- 3-орун: Индира Санилова
Бийиктикке секирүү боюнча мелдеште
Эркектер арасында:
- 1-орун: Иван Васищенко
- 2-орун: Ярослав Василевский
- 3-орун: Данил Карин
Кыздар арасында:
- 1-орун: Светлана Майер
- 2-орун: Ангелина Поцелуева
- 3-орун: Дарья Дацковская
Ядро ыргытуу боюнча мелдеште
Балдар арасында:
- 1-орун: Максим Щербаков
- 2-орун: Артур Адамов
- 3-орун: Давид Световой
Кыздар арасында:
- 1-орун: Алина Самакова
- 2-орун: Айжана Исманова
- 3-орун: Арууке Ырысбек кызы
60 метр аралыктагы жарыш
Балдар арасында:
- 1-орун: Максим Абрамов
- 2-орун: Артур Байчоров
- 3-орун: Улукман Асанбаев
Кыздар арасында:
- 1-орун: Анастасия Бондаренко
- 2-орун: Маргарита Корчемкина
- 3-орун: Арина Думчева
Тоскоолдук аркылуу 60 метрге чуркоо:
Балдар арасында:
- 1-орун: Иван Васищенко
- 2-орун: Тамерлан Дүйшөналиев
- 3-орун: Тимур Кадыркулов
Кыздар арасында:
- 1-орун: Анастасия Бородина
- 2-орун: Карина Просветова
- 3-орун: Анастасия Леонтьева
200 метр аралыктагы жарыш
Балдар арасында:
- 1-орун: Руслан Рустамов
- 2-орун: Улукман Асанбаев
- 3-орун: Эрбол Кадыров
Кыздар арасында:
- 1-орун: Анна Федорова
- 2-орун: Анастасия Бондаренко
- 3-орун: Карина Данилина
400 метр аралыктагы жарыш
Балдар арасында:
- 1-орун: Никита Оптов
- 2-орун: Артём Питченко
- 3-орун: Умар Хан
Кыздар арасында:
- 1-орун: Анастасия Бородина
- 2-орун: Юля Каплунова
- 3-орун: Элнура Абылкасымова
800 метр аралыктагы жарыш
Балдар арасында:
- 1-орун: Кирилл Беляков
- 2-орун: Анатолий Артемьев
- 3-орун: Владислав Холстинин
Кыздар арасында:
- 1-орун: Злата Соловьёва
- 2-орун: Марина Лымарь
- 3-орун: Фатима Турарбекова
1500 метр аралыктагы жарыш
Балдар арасында:
- 1-орун: Нурсултан Айылчиев
- 2-орун: Ысмат Бейшебаев
- 3-орун: Алик Насир уулу
Кыздар арасында:
- 1-орун: Айнуска Калил кызы
- 2-орун: Чолпон Тазабекова
- 3-орун: Марина Афанасьева
3000 метр аралыктагы жарыш
Балдар арасында:
- 1-орун: Таштанбек Нукешов
- 2-орун: Нурсултан Айылчиев
- 3-орун: Данияр уулу Замир
Кыздар арасында:
- 1-орун: Токтобү Бердишова
- 2-орун: Айгерим Мурат кызы
- 3-орун: Чолпон Тазабекова
Эстафета:
Балдар арасында:
- 1-орун: Артём Питченко, Илья Остроухов, Умар Хан, Алексей Архангельский
- 2-орун: Никита Оптов, Артур Байчоров, Тимур Кадыркулов, Максим Абрамов
- 3-орун: Улукман Асанбаев, Кирилл Беляков, Азим Мусаев, Даниил Никонов
Кыздар арасында:
- 1-орун: Элнура Абылкасымова, Анастасия Бондаренко, Анастасия Бородина, Арина Думчева
- 2-орун: Карина Просветова, Света Соколова, Карина Малаева, Светлана Майер
- 3-орун: Анна Юркова, Марина Лымарь, Екатерина Брюховецкая, Сузанна Мамедова