Президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын айрым жоболорун өркүндөтүү максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.