Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 2018-жылы Конор Макгрегор менен болгон беттештен кийин уюштурган чыры үчүн 9 айга дисквалификацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 2018-жылдын октябрь айында Нурмагомедов менен Макгрегор UFC 229 мелдешинде чемпиондук кур үчүн беттешкен. Нурмагомедов жеңишке жеткен соң октагондон сыртка секирип, ирландиялык мушкердин өнөктөшүнө кол салган.
Бул иш боюнча Невада штатынын атлетикалык комиссиясы Хабиб Нурмагомедовду 9 айга дисквалификациялап, 500 миң доллар айып пул төлөө боюнча чечим чыгарган. Четтетүү мөөнөтү 2018-жылдын 6-октябрынан тарта саналат. Эгерде Нурмагомедов бейбаштык иш-аракеттерине каршы коомдук иш-чараларга катышса, дисквалификациянын мөөнөтү 3 айга чейин азайышы мүмкүн.
Ал эми чыр-чатакка катышкан Конор Макгрегор да 6 айга дисквалификацияланып, 50 миң доллар айып төлөшү керек.
Ошондой эле Хабиб Нурмагомедовдун командасынын өкүлдөрү Зубайра Тухугов жана Абубакар Нурмагомедов 1 жылга мелдештерден четтетилип, ар бири 25 миң доллар айып төлөөгө мажбурланды.