Чүйдүн жана Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 23-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Байтик баатыр көчөсүндөгү № 146, 150-көп кабаттуу үйлөрдө, Ганди, Ала-Арча, Киев, Үмөталиев, Турусбеков, Чүй, Шевченко, Малдыбаев, Ахунбаев, Абай көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунун Кривоносов, Алты түтүн көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Аламүдүн районуна караштуу Садовое, Учхоз  айылдарында,  Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында, Кара-Балта шаарынын Почтовый, Куйбышев көчөлөрүндө өсүп кеткен бутактарды кыйып, зымдарды тарттырып, чубалгыларды алмаштыруу иштерине байланыштуу электр энергия өчүрүлүшү ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан