Марат Башаров аёосуз түрдө сабап, мурдун сындырган жубайы менен эл алдына кол кармашып чыкты

Орусиялык актёр Марат Башаров жубайы Елизавета Шевыркова менен жарашты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чырдашкан жубайлар маданий иш-чаралардын бирине кол кармашып келип, абдан бактылуу көрүнүшкөн. Бул жубайлардын ортодогу үй-бүлөлүк чырынан кийин эл алдына биринчи ирет чогуу чыгып жаткан учуру.

Актёрдун күйөрмандары жубайы жолдошун баласы үчүн кечиргендигин айтып чыгышкан.

Эске салсак, 27-декабрда 44 жаштагы актёр Марат Башаров жубайын аёосуз түрдө сабап, анын мурдун сындырганы тууралуу Елизавета Шевыркованын агасы Фёдор маалымдаган.

Алган жаракатына карабастан Елизавета Шевыркова арыз жазуудан баш тартып, бул кырдаал боюнча эч кандай билдирүү жасаган эмес.

Андан сырткары Елизавета Шевыркова ажырашуу тууралуу дагы ойлогон, бирок Марат Башаров бул учурда кызы менен Франциядагы лыжа базасында эс алып жүргөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
BTFB93
2019-01-31 11:47:22
Аял урган эркектер мал эле болот да
+9
senchi
2019-01-31 14:04:13
BTFB93,жөн эле урбаса керек мурду сынганча
-1
Avrora2017
2019-01-31 14:46:49
senchi,копкондор ура берет жон эле, бул мас абалында урса керек эле аялын, сми де жургон, и не первый раз уруп келет
+7
Nevestkaa
2019-01-31 15:07:10
Бул татар катын урган боюнча 1-орунда турат окшойт.Архарованын да мурдун сындырган болчу ,көзүнө биринчи эле мурду көрүнөт окшойт (((((
+8
Azatbek.Svoboda.
2019-01-31 18:57:19
Nevestkaa,Улутчул болбо сен эле ошонун кандай улутта экенин биле тургансып жазыпсында!Баары эле билишет аны кайсы улутта экенин!Жаман улут болбойт жаман адамдар болот!Беш кол тен эмес.Кыргызда соз бар озунду эр ойлосон башканы шер ойло деген!
-2
Nevestkaa
2019-01-31 21:52:40
Azatbek.Svoboda.,тим эле койбопсун да ушуну
0
bond02
2019-01-31 16:15:11
Казан аяк кагышат, эрди катын урушат да. Жашоодо баары болот.
+5
Azatbek.Svoboda.
2019-01-31 18:55:13
bond02,молодец!
-1
MKW.MYRZAiYM
2019-01-31 22:19:43
Аялдарвнвн мурдуларын сындырган буга мания окшойт, экинчи аялынын да олорчо сабап "пусть говорятка" чейин чыкты эле го
0
Flower2017
2019-02-01 01:37:38
Казан аяк кагышат туура,бирок сына берсе жок калат да. Башаровдун акыры бир куну бир жери сынат. Аялды ургандан мурда озундун апанды, эже карындашынды анан кызынды ойлон. Бул мас болгондо аял ургусу келе берет окшойт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан