Кыргыз балбандары Францияда өтө турган күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат. Спортчулардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова бар

Кыргыз балбандары Францияда өтө турган кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан билдирди.

Федерациянын маалыматына караганда, Ницца шаарында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 6 балбан катышат. Бул мелдеште башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында белгилүү балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • 53 килограммга чейинки салмак ченинде: Мадина Надирова
  • 55 килограммга чейинки салмак ченинде: Айбике Артыкали кызы
  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурайда Анаркулова
  • 59 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсулуу Тыныбекова
  • 68 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова
  • 76 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы
  • Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janym_ata_enem
2019-01-31 11:40:03
Алтооно тен ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан