Кыргыз футболчусу япониялык футболдук клуб менен келишим түздү

Футбол боюнча жаштар арасындагы Кыргыз курама командасынын оюнчусу Айдар Мамбеталиев карьерасын Японияда улантат. Бул тууралуу япониялык футболдук клуб социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, "Абдыш-Ата" футболдук клубунун мурдагы коргоочусу "Ococias Kyoto" клубуна өттү. Аталган клуб Япониянын "Kansai Soccer League" деп аталган аймактык чемпиондукта ойнойт.

21 жаштагы Мамбеталиев жаңы клубдун расмий интернет баракчасына берген маегинде япон клубуна өткөнүнө кубанычта экенин белгилеген.

"Берилген мүмкүнчүлүк үчүн клуб жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Командага кошулганыма абдан кубанычтамын. Японияга алгачкы жолу келишим. Жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм", - деп билдирген Мамбеталиев.

Айдар Мамбеталиев буга чейин "Абдыш-Ата" клубунда ойноп келген. Ошондой эле, өткөн футболдук сезонду Мальдив аралдарынын "Валенсия" клубунда жыйынтыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kattaldym
2019-01-31 10:52:56
Курамада ойноп турсанар эле болду убагы келгенде. Ахметовдой болбой.
+2
take.kg86
2019-01-31 10:54:53
Жакшы ак Шумкарлар жылдан жылга жылыш бар. Акырындык менен Европанын күчтүү клубтарында ойношот кудай буюрса,мен буга ишенем.
+1
Syimyk.isaev
2019-01-31 12:06:16
Ийгилик!
0
trabzon11
2019-01-31 12:29:09
Азияга катышкандан бери эле ар бир балабызды клубдарга тартып кетип атышатко.
+3
Nur777
2019-01-31 21:26:06
Кучтуу клубдарда ойноп тажрыйба топтоп алышса,Улуттук Курам менен жениш алып келишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан