"Тамашоучу", актёрлор Самат Эркинбеков жана Кубаныч Курманбеков трагедия жана комедия жанрындагы "Жер тоголок" аталышындагы тасма тартышкан. Жакында ушул тасмага "тамашоучулар" ырчы Адилет Эркинбек уулу менен биргеликте "ДыкКынДыш" деген тамашалуу саундтрек жазышкан.
Аталган клип учурда социалдык тармактарда популярдуу болуп, колдонуучулар клиптеги кыймылдарды кайталап #дыккындыш деген хэштеги менен видеолорун жүктөп жатышат. Элден артта калбай бул ырга ырчы Айганыш Абдиева, Нуржамал Молдалиева дагы бийлеп, видео тартып чыгышкан.
Вируска айланган бийди Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин окуучулары дагы кайталашкан.