Кыргыз спортчулары "Азия балдары" аттуу эл аралык кышкы спорт оюндарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Южно-Сахалинск шаарында 8-17-февраль аралыгында өтөт. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 3 машыктыруучунун баштоосунда 7 спортчу катышат. Алар муз үстүндө бийлөө, тоо-лыжа жана биатлон боюнча күч сынашат.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
Муз үстүндө бийлөө боюнча: Алекс Нам жана Ева Яковлева.
Машыктыруучу - Владимир Битнер.
Биалтон боюнча: Ислам Тургунбаев жана Муса Рахманберди уулу
Машыктыруучу: Александр Левданский
Тоо-лыжа спорту боюнча: Кубатбек Юсупов, Виолетта Коростелеева, Эрлан Станбеков
Машыктыруучу: Иван Борисов.