Футбол боюнча Кыргыз курама командасы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышат

Кыргыз курамасы футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Азия чемпиондугунун тандап алуу туру 22-26-март аралыгында Кувейтте өтөт. Анда Кыргыз курамасы "Е" тайпасынын алкагында Кувейт, Сирия жана Иордания курама командаларына кез келет.

Тандап алуу турунун жыйынтыгында 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген 4 команда финалдык этапка өтөт. Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгү Таиландда 2020-жылдын 8-26-январь аралыгында өтөт.

Ошондой эле Азия чемпиондугунун 3 мыкты командасы 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Кыргыз курама командасынын беттештеринин тизмеси:

22-март

12:00. Сирия - Кыргыз Республикасы

24-март

12:00. Кыргыз Республикасы – Иордания

26-март

12:00. Кыргыз Республикасы - Кувейт

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан