Ошто Салык кызматынын кызматкери сабалып ооруканага түштү

Оштогу Араван районунун Салык кызматынын кызматкери сабалып ооруканага түштү. Маалыматты SUPER.KG порталына облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Анын айтымында, кызматкер өз кошунасы тарабынан сабалган.

"Ички иштер башкармалыгына кечээ, 1-февралда Араван районунун Юсупов айыл аймагынын 49 жаштагы тургуну М.А. тарабынан арыз келип түштү. Арызында өз айылдашы тарабынан сабалганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары ошол эле айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну Ф.Н. тергөөгө алынып келди.

Учурда бул окуя боюнча "бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин шектүүнү убактылуу жайга киргизүү же киргизбөө маселеси чечилет.

Сабалган жаран Араван райондук салык кызмытынын кызматкери, ал эми шектүү анын кошунасы экендиги белгилүү болду. Алардын ортосунда көптөн бери эле пикир келишпестиктер болуп жүргөн. Окуяга жабырлануучунун кызматынын тиешеси жок", - деди Ашырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nendi15
2019-02-03 03:22:03
Ишинин тийешеси жок болсо эмнеге кызмат ордун баса белгилеп жазасыңар жөн эле кошуналар урушуп кетти десеңер эл окубай коёбу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан