Өзгөндө атасы кызын зордуктаганга шектелип жатат. Кызы 6 айлык кош бойлуу. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Белгилүү болгондой, 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелген атасы 20-январда камакка алынып, кызы социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.
Маалым болгондой, кыздын апасы 2013-жылы каза болгон. Ал атасы жана эки бир тууганы менен бирге жашап жатышкан. Атасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги, психикалык жактан жабыркап жүргөндүгү айтылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.