2-февралга караган түнү испан чемпиондугунун алкагында "Барселона"-"Валенсия" беттеши болуп өттү. "Камп Ноу" стадионунда өткөн оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Каталондук клубдун чабуулчусу Лионель Месси 2 гол жаратып өз командасын жеңилүүдөн сактап калды.
Испан басылмаларынын маалыматына ылайык, беттештен кийин Мессинин жаракат алгандыгы белгилүү болду. Чабуулчу бутун кокустатып алып, бирок ага көңүл бурбай оюнун уланта берген. Беттештен кийинки текшерүүдө анын оң бутунун тизеси жабыркагандыгы аныкталды. Мындай жаракаттын калыбына келиши 1 жумадан 3 жумага чейин созулат. Буга байланыштуу Месси "Реал Мадридге" каршы беттештерге катышпай калышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, "Реал-Мадрид" жана "Барселона" клубдары 6-27-февралда жана 3-мартта беттешет.