Кыргыз спортчусу Мээрим Жуманазарова Францияда өткөн күрөш боюнча Гран-При мелдеште алтын медаль утуп алды.
Grand Prix de France мелдеши Ницца шаарында 1-февралда башталган. Биринчи күнү кыз-келиндер арасында күрөш боюнча беттештер орун алды.
76 килограмм салмак ченинде кыргыз спортчулары Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова күч сынашты.
Эки спортчу тең алгачкы күрөштөрдү ийгиликтүү өткөрүшүп, финалда кез келишти. Анда Мээрим Жуманазарова алтын медаль утса, Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду.
Ошондой эле, 57 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Нураида Анаркулова менен Айбике Артыкали кызы катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Анаркулова күмүш медалга татыса, Артыкали кызы коло медалды жеңип алды.
Белгилей кетсек, 62 килограмм салмак чениндеги күрөштө Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү аталган.