Кечээ, 3-февралда футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Литва курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрүп жеңишке жетти.
Литванын Преней шаарында өткөн беттеште кыргыз футзалчылары 3:1 эсебинде атаандаштарын утуп алышты. Эсеп санын 2-таймда Арстанбек Турсунов ачса, Шохрух Махмадаминов эсепти 2:0 кылып, Дилшат Кадыров эсепти 3:0гө айлантты. Ал эми оюндун акыркы мүнөттөрүндө Литва курамасынын оюнчусу Дариус Янкаукас 1 гол менен жооп кайтарды.
Муну менен Кыргыз улуттук курама командасы 2-ирет Литва курамасын жеңип алды. Буга чейин кыргыз футзалчылар 2-февралда Литваны ири эсепте жеңип алган.
Айта кетсек, бул жолдоштук беттештер Кыргыз курама командасынын окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өттү.