Бишкекте кыргыз балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Бүгүн, 4-февралда кыргыз балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаев быйыл 70 жашка чыкмак. Базарбаевди эскерүү "Ала-Арча” көрүстөнүндө куран окутуу менен башталып, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын алдындагы айкелине гүл коюу менен улантылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүүгө Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, маданият жана искусство өкүлдөрү жана туугандары катышты. Эскерүүдө балет залкарынын кыргыз искусствосуна кошкон салымы, чыгармачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу сөздөр айтылып, эстелигине гүл коюлду.

Ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында "Жизель" балети коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан