Бишкек шаарына волейбол боюнча эркектер арасында өлкө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Жогорку жана Улуттук Лиганын эркектер арасындагы 21-Өлкө чемпиондугу старт алды. 2019-жылда чемпиондук үчүн Жогорку Лигада 10 команда жана Улуттук Лигада 8 команда күч сынашат.
Мелдештин жыйынтыгында Жогорку Лигада алдыңкы 2 орунду ээлеген командалар Улуттук Лигага өтсө, Улуттук Лигадагы 2 арткы команда Жогорку Лигага өтөт.
Өлкө чемпиондугу үч айлампада өтүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат. Экинчи айлампа 4-10-март аралыгында, ал эми үчүнчү айлампа 22-28-апрель аралыгында өтөт.
Жогорку Лигада ойногон командалардын тизмеси:
Улуттук Лигада ойногон командалардын тизмеси: