Азия Кубогунда тарыхый гол киргизген кыргыз футболчу Өзбекстандын футбол клубуна өттү

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Өзбекстандын футболдук клубу менен келишим түздү. Кыргыз футболчусу Өзбекстандын Суперлигасында күч сынашып келген "Андижан" футболдук клубунун катарына кошулду.

Белгилүү болгондой, Ахлидин Исраилов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Кытай курамасына каршы беттеште гол киргизген. Бул гол Кыргыз улуттук курама командасы үчүн Азия Кубогунун алкагында биринчи гол болгон.

Буга чейин Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев менен Азиз Сыдыков чет элдик футболдук клубдар менен келишим түзүшкөн. Козубаев малайзиялык ПКНС клубуна өтсө, Сыдыков ирандык "Санат Нафт Абадан" клубуна өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nevestkaa
2019-02-06 11:43:17
ХХХ ХХХХ болбойт да ,ХХХ ХХХХ ХХХХ ХХХХ керек да .
-10
Djumahmatov
2019-02-06 12:34:28
Nevestkaa,ООО кудай түшүнбөй туруп, негативдүү ой пикир калтыруунун кереги жок! Америка га барып ойносо дагы, ал Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында бар! Кыргызстандын улуттук курама командасынын беттешинде келип, Кыргыздын намысы үчүн ойнойт!
+10
admin_superstan
2019-02-06 14:55:17
Nevestkaa, провокациялык билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
-2
newman
2019-02-06 16:34:59
Nevestkaa, акылын менен болсоң түшүнбөй эле сүйлөбөй. Клуб деген бул башка. Анда айлык алып ошол клубдун атынан ойноп жүрөт. А мамлекеттер аралык оюндар болгондо Кыргызстан атынан оюнга катышат.
0
Aidanchik
2019-02-06 12:12:02
Nevestkaa сен футболду тушунбойт окшойсун! чет элдин чемпионатында ойношсо жакшы да биздин Курамага, тажрыйба алышат. сен жакшылык кутпосон, башкалар кутуп жатты бул балдардан голдорду.
+12
nurbek11
2019-02-06 12:23:43
Футболчу каалаган клубунда ойной алат. Азаматсын чёт олколордо кобураак ойноп тажрыйба топтоо керек. Бул биздин улуттук курамага абдан керек нерсе.
+9
jumaev0084
2019-02-06 12:34:00
ХХХ кетиптир да
-10
Stels
2019-02-06 13:41:59
Футболдон түшүнүк жок болгон соң ,негатив нерселерди жаза бербечи ХХХХ.
+6
semo
2019-02-06 14:22:42
Ар ким озу билет кай жерде ойнойт

+3
Azatbek.Svoboda.
2019-02-06 14:57:59
Азамат кучтуу командаларда ойноп тажрыйба топтоп келип футболду алдыга тарткыла. Башкаларда стадиону жакшы футболго жакшы конул бурушат. Биздикилер жемкорлорубуз бизди эл шайлаган дешип оз чонтокторуно тыгышат!
+4
altyn7776
2019-02-06 15:17:47
Молодцы.
+1
Kymbatym
2019-02-06 17:46:11
Баары бир улуттук курамдын оюнчусу болуп кала берет буга чейин кайсы клубта ойноп жүргөн болчу?
+1
roklait
2019-02-06 17:59:12
Жакшы, жакшы. Негизи ийгилик жарата бергиле, Кыргызстандан Европадагы алдынкы клубтарда ойносо дагы да жакшы болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан