Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 2018-жылдын акыркы 6 айында мамлекеттен стипендия алган спортчулардын тизмесин жарыялады.
1-бөлүктө 1-июлдан 31-ноябрга чейинки аралыкта берилген стипендиялар болсо, 2-бөлүктө декабрь айында берилген стипендиаттардын тизмеси. 1-бөлүктө 290 стипендиат болсо, 2-бөлүктө 133 стипендиат бар.
2-бөлүктө спортчуларга берилүүчү стипендиянын көлөмү өкмөттүн токтомуна ылайык жогорулаган. Анда буга чейин эң жогорку стипендия 45 миңди түзсө, эми эң жогорку стипендия 75 миң сом болот. Ошондой эле эң төмөнкү стипендия буга чейин 2 миң сомду түзүп келсе, эми 10 миң сом болот.
Ошентип 2018-жылдын 1-июлдан 31-ноябрга чейин 290 спортчуга 14 миллион 710 миң сом бөлүнсө, декабрь айында 133 спортчуга 3 миллион 45 миң сом бөлүнгөн.
Мамлекеттик стипендия олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча 7 категория жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча 3 категория каралган. Буга чейин мындай айырмачылык жок болчу.
75 миң сомду түзө турган 1-категориядагы стипендияга Олимпиада оюндарында медаль тагынган спортчулар ээ болсо, 60 миң сомду түзгөн 2-категориядагы стипендияга Азия Оюндарынын жеңүүчүлөрү ээ болот. Ал эми 3-категориядагы стипендиянын көлөмү 50 миң сомду түзүп, ага Азия оюндарында медалга ээ болгон жана Дүйнө чемпиондуктарында ийгилик жараткан спортчулар ээ болушат.
Стипендиаттардын тизмесинин 2-бөлүгүндө 1-категориядагы стипендияга ээ боло турган спортчулар жок болсо, 2-категорияга 3 спортчу, 3-категориядагы стипендияга 6 спортчу ээ болгон.
60 миң сом стипендияны Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү жөө күлүк Дарья Маслова менен балбан Төрөкан Багынбай уулу жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү катары балбан Айсулуу Тыныбекова алган. 3-категориядагы стипендияга (50 миң сом) Азия оюндарынын күмүш медалдарынын ээлери балбандар Магомед Мусаев, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов, грек-рим күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров, грек-рим күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын Жоламан Шаршенбеков жана кулагы укпагандар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Алмазбек Исаков татыган.
1-декабрдан 31-декабрга чейинки аралыкта берилген стипендиялар:
1-июлдан 31-ноябрга чейинки аралыкта берилген стипендиялар: