Кыргыз спортчулары "Азия балдары" аттуу эл аралык кышкы спорт оюндарына катышуу үчүн Южно-Сахалинск шаарына барышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, спортчуларды Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тосуп алышты. Аталган мелдеш 2 күндөн кийин башталып, 17-февралга чейин уланат. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 3 машыктыруучунун баштоосунда 7 спортчу катышат. Алар муз үстүндө бийлөө, тоо-лыжа жана биатлон боюнча күч сынашат.
Сахалин шаарындагы аэропортто кыргыз спортчуларын мекендештерибиз тосуп алышты.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
Муз үстүндө бийлөө боюнча: Алекс Нам жана Ева Яковлева;
Машыктыруучу: Владимир Битнер;
Биалтон боюнча: Ислам Тургунбаев жана Муса Рахманберди уулу;
Машыктыруучу: Александр Левданский;
Тоо-лыжа спорту боюнча: Кубатбек Юсупов, Виолетта Коростелеева, Эрлан Станбеков;
Машыктыруучу: Иван Борисов.