Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Дима Билан өзү жөнүндө китеп жазды. Бул туурасында орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчы мырзанын жазган китеби "Биландын планетасы" деген аталышта чыккан. Мында ырчынын бала чагынан тартып азыркы убакытка чейинки жашоосундагы маанилүү учурлар камтылган.
"Жеке жашоо менен чыгармачылыктын ортосунда тандоо болуп калганда дайыма экинчисине токтолчумун. Чыгармачылыкка акча табуу максатында эмес, музыкага болгон сүйүүм күчтүү болгондуктан аралашкам", - деп жазган ал китебине. Ырчы дал ушул себептен үйлөнбөй жүргөндүгүн түшүндүргөн. Ошондой эле жеке жашоосу менен чыгармачылыгын бирге алып кете албай жаткандыгына өкүнгөнү маалыматта жазылат.