Теги корей болгон орусиялык ырчы, телеалпаруучу Анита Цой 1971-жылы 7-февралда Москвада төрөлгөн.
Анита Цойдун өз аты Анна Сергеевна Ким. Анита деген лакап ат менен ырчылык карьерасын 1997-жылы баштаган. Жолдошу Москва шаарынын мэриясында иштегенине карабастан Анита эстрададан жылдызы жана электе базарда кийим сатып соода кылган.
Анита Цой поп-рок, R&B жана башка стилдердеги ырчы катары белгилүү болгон. Ал үч ирет "Алтын граммофон", эки жолу "Овация" жана башка сыйлыктарга ээ болуп, 2003-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына жеткен. Анита Цой "Цирк со звёздами", "Один в один" сыяктуу программаларга катышып, белгилүү телеканалдарда телеалпаруучу болуп иштеп келген.