Бүгүн, 7-февралда "Дем" театрынын актёру, тасмаларда ар бир ролун жогорку деңгээлде аткарган таланттуу куудул Камчы Сарыбаев 41 жашка толду. Актёрду куттуктоо үчүн байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн жумуш үстүндө өткөрүп жатканын айтты.
"Туулган күнүм абдан жакшы маанайда өтүп жатат. Азыркы учурда жумуш үстүндө туулган күнүмдү "Дем" театрынын жигиттери менен бирге өткөрүп жатам. Жакын арада жаңы спектакль чыгат, ошого даярданып жаткан чагыбыз. Ошондой эле 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата 7-8-9-март күндөрү концерт коёбуз. Азыркы учурда концертке дагы кызуу даярданып чуркап жүрөбүз", - деди Камчы Сарыбаев.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- "Театрдагы балдар бири-бирибиз менен абдан ынтымактуубуз. Ай сайын кой союп, шерине уюштуруп турабыз. Ынтымагыбыз мындан ары арта берсин".
- "Мен деле эл катары ичимдеги жаман эмоцияларды чыгарып салуу үчүн сөгүнүп коём. Бирок аша чапкан учурум болгон эмес. Бир аз жумшагыраак колдоном. Мен чыдамкаймын. Көпкө чейин акырын, жай гана түшүндүрүүгө аракет кылам. Эгер таптакыр болбой калса абалга жараша мамиле жасайм. Бирок бир адамдан көңүлүм катуу калып калса, аны менен кайрадан мамиле түзө албайм".
- "Тойлорго барганда ар кандай адамдар туш болот. Жүрөгү таза адамдар бар, келип бетиңден өөп кеткени, сөгүп кеткени болот дегендей. Ошондой учурда алардын мага карата жасаган мамилесине жооп кылып ойноп коём. Демек, бир эле учурда актёрлук талантымды пайдаланам. "Мас кишиден жинди качып кутулуптур" дейт. Антип тийишкендер көп болот. Андай учурда "алтыным, сеники туура" деп жолуна салып коём. Элестет, ит сени каап жатса, сен итти капмак белең? Кээде чыдабай кеткенде "өөп" коёсуң, Таластын кайрыктарынан кошуп".

- "Келинчегим абдан күчтүү аялзаты. Аны менен сыймыктанам. Ар дайым мени алга сүрөп турат. Тамактарды мыкты жасайт. Учурда жеке бизнеси менен алектенет. Улуу балам да менин жолумду жолдоп, актёрлукка кызыгат. Бир канча тасма, клиптерге тартылып жүрөт. Бир жолу экөөбүз чогуу роль жаратканбыз, бирок ал менден көбүрөөк гонорар алган".
Камчыбек Сарыбаев 1978-жылы 7-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Аксай айылында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим аяз ата" жана башка бир топ тасмаларда роль жараткан. 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын жеңип алган. Учурда үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.
7-февралдын жылнаамасы.