7-февралга караган түнү футбол боюнча Испания кубогунун жарым финалдык беттешинин алкагында "Барселона" жана "Реал Мадрид" клубдары кез келишти. Оюн Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда өттү.
Беттештин биринчи бөлүгүндө коноктор өз активдүүлүгүн көрсөтө алышты. 6-мүнөттө Карим Бензема баштаган чабуул Лукас Васкестин голу менен жыйынтыкталып, королдук клубду алдыга сүрөп чыкты. Оюн андан ары да "Реалдын" үстөмдүгү менен уланып, бирок 1-таймдын аягына чейин эсеп саны өзгөргөн жок. 2-бөлүктүн башталышы менен "Барселона" оюн тизгинин акырындык менен өз колуна ала баштады. Бирок толугу менен беттештин жүрүшүн башкара алган жок. Сантьяго Соларинин шакирттери каалаган убакта оюн эсебин 2:0гө жеткирип коюшу мүмкүн эле. Бирок андай болгон жок. 57-мүнөттө Луис Суарестин тепкен тобу дарбаза мамысына тийип, кайра Малком келип калды. Түзүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланган Малком бош дарбазага топту таамай багыттап, эсепти теңдей алды. Беттештин жүрүшүндө эки командага тең гол жаратууга бир нече жолу мүмкүнчүлүк түзүлгөнү менен, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Месси "Барселонага" жеңиш тартуулай алган жок
Каталондук клубдун лидери Лионель Месси оюндун 63-мүнөтүндө гана талаага чыкты. Буга себеп өткөн беттештерде алган жаракатынан улам оюнга толугу менен даяр боло албай калганында эле. Мессинин беттешке кошулары менен талаа ээлеринин оюну активдешип, каталондук футболчулар ишенимдүү оюн көрсөтө башташты. Бирок "Барселонанын" башкы жылдызы чыкканга чейин эле ачылган эсеп сандары кийин да өзгөрүүсүз калды.
Бардыгы "Сантьяго Бернабэуда" чечилет
Тең чыгуу менен аяктаган Эль-Класико беттеши испан кубогунун жарым финалдык оюндарынын алгачкы гана беттеши. Алдыда жооптук беттеш күтүп турат. Эки оюндун жыйынтыгы менен алдыга чыккан команда гана финалдык оюнга жолдомо алат. Демек, Эль-Класиконун эң кызык жери "Реал Мадриддин" талаасында күтүп турат. Чечүүчү беттеш 27-февралда Мадрид шаарында орун алат.