"Тыюу салынган сүйүү", "Мен аны Фериха атадым" сериалдары аркылуу таанылган түрк актрисасы Хазал Кая турмушка чыкты

Кечээ, 6-февралда түркиялык белгилүү актриса Хазал Кая 5 жыл мамиле курган жигитине турмушка чыкты. Бул тууралуу түрк маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы актриса 42 жаштагы актёр, музыкант жана режиссёр Али Атайга турмушка чыккан. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын түгөйлөр 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүндө үйлөнөт деген божомолу ишке ашпай калды. Үйлөнүү-үлпөт тойго белгилүү түрк актёрлору келишти. Алар: Кыванч Татлытуг, Нур Феттахоглу, Селчук Йөнтем, Зеррин Текиндор жана башкалар.

Ал эми түгөйлөрдүн бал айы жай айларында боло турганы маалым болду.

Хазал Кая "Тыюу салынган сүйүү", "Мен аны Фериха атадым", "Марал" сериалдары аркылуу таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-02-07 23:29:40
Кошогосу когоруп. Бактылуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан