Казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайбергенов Америкада өтүп жаткан "The World's Best" таланттар сынагына катышууда. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.
Белгилүү болгондой, аталган сынакта Димаш Кудайбергенов калыстарды өзгөчө диапазону менен таң калтырган. Ырчы сынакта "S.O.S" аттуу чыгарманы аткарып жаткан учурда угармандар, калыстар, эксперттер кол чабуулар менен туруп алып угушкан. Башкы үч калыстын бири ырчы Фэйт Хилл жана актриса Дрю Бэрримор ырчы мырзага эң жогорку саналган 50 баллдан берген. "Дүйнө дубалы" аттуу 50 дүйнөлүк искусство адамдарынан түзүлгөн топ Димаш Кудайбергеновдун аткаруусуна 48 деген баа берген. Алардын арасынан даниялык жана улуу британиялык 2 калыс добуш берген эмес.
Актриса Дрю Бэрримор Димаш Кудайбергеновдун аткаруусу боюнча өз оюн билдирген:
"Эгерде сенин аткарууңду көзүмдү жумуп уксам болжол менен сахнада 8-10 ырчы бар деп ойломокмун. Себеби сенин бирде рок, бирде опера ырчысы боло алган талантың бар экен. Бир адамга мынчалык талант кантип батты болду экен?" - деген.
Эл аралык сынактарда дайыма байгелүү орундарга ээ болуп келген, акырындык менен дүйнөгө таанылып жаткан Димаш Кудайбергенов: "Мен биринчи ирет сахнага чыкканда болгону 2 жашта элем. 20 жылдан бери профессионалдык деңгээлде музыкалык билим алып келем. Бул сынакка чейин эки жарым миллиард көрүүчүнүн алдында ырдагам. Мен АКШда биринчи ирет сынакка катышып жатам. Көрүүчүлөргө чыгармачылыгымды жана жүрөгүмдү арноого даярмын", - деген.
"The World's Best" таланттар сынагынан үзүндү.
Эске салсак, ырчы "S.O.S" чыгармасын Кытайда өткөн сынакта дагы аткарган.