SUPER TV: "Подходи, народ, свой огород": Гүлзат Мамытбек балдары менен чарчаганча иштеди

SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги коногу - ырчы, өзүн "Кыргыздын деми", "Планета деми" атаган Гүлзат Мамытбек. Ал шаардагы "Глобус" соода борборунун кассасына отуруп, өзүн кассир катары сынап көрдү. Ырчы соода түйүнгө өзү жалгыз келбестен, уулу менен кызын да ээрчите келген. Бир учурда балдарына көңүл бурууга да, кардарларды тейлөөгө да жетишип, ал гана эмес ар бир соода кылган адамга жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылып жатты. Ошентсе да жумуш соңунда анын бир топ эле чарчап калганы байкалды.

"Билинбегени менен кассирлердин жумушу өтө оор экен. Анын үстүнө келген кардарлардын баарына жылмайып, жылуу сүйлөсөң алар, тескерисинче, өтө эле олуттуу боло беришет экен. Мен мурда кассада отурган адам шашпай кыймылдаса, "батыраак кыймылдаса болот го" деп ачуум келе берчү. Эми андай ойдон алыс болом", - дейт ал.

Гүлзат Мамытбек кассирдин милдетин кантип аткарганын жана андагы кызыктуу учурларды көрүүнү кааласаңыз, төмөндөгү видеоматериалга баш багыңыз.

"Подходи, народ, свой огород": Гүлзат Мамытбек балдары менен чарчаганча иштеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janibek_Mamytov
2019-02-07 22:30:20
Жаңы күйөсүн да алып келип албаптырда
+7
Farra16gsin
2019-02-08 12:37:21
Маскарапоз тим эле
+3
AksyKum
2019-02-08 13:12:53
Циркке ишке кирсе болсо керек. Акыры циркте маймылы деле ити деле журоберетго
+2
Nuri1988Elim2010
2019-02-08 13:22:25
Мынча суперден тушпой калдыго
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан