Балбан Акжол Махмудов оор жаракат алды. Анын дарылануусу үчүн 1 миллион 500 миң сом керектелет

Балбан Акжол Махмудов машыгуу учурунда тизесинен жаракат алды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Белгилүү болгондой, анын дарылануусу үчүн 1 миллион 500 миң сом керектелет.

"Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акжол Махмудов окуу-машыгуу жыйындары учурунда жаракат алды. Анын дарылануусу үчүн Германиядан операция жасатуу керек болууда, ага бир жарым миллион сомдой каражат сарпталат. Дарыланууга кеткен чыгымдар Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан каржыланат", - деп айтылат маалыматта.

Акжол Махмудов чоңдор арасындагы грек-рим күрөшү боюнча учурдагы Азия чемпиону болуп эсептелет. 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш медалды жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
buiga
2019-02-08 12:56:32
Каап,коз тийип кеткен го.Жакшы чыгып атты эле.
+20
AIA-TOO
2019-02-08 12:56:33
Чемпион ушуну менен бүттү окшойт, олуттуу жаракат менен кайра ийгиликтерди жаратуу өтө кыйын.
-20
Aiymkunumjyldyzym
2019-02-08 13:35:21
AIA-TOO,Senin atyn jakwy eken dagy,jazgan sozdorun jaman.Jakwy niet kylbaisyn,
+3
Skarlett-Skarlett
2019-02-08 15:01:58
AIA-TOO,ото тилиниз уу экен.Жакшы болуп кетсин дегендин ордуна заар создорду жазып бул жерде.
+1
amirrus
2019-02-08 17:38:37
AIA-TOO,оозуна как кара тоогум дагы 5-10жылы бар болгону азыр 20жашта
+1
Taalai94
2019-02-08 13:08:20
Аллахым шыпаасын берип эртерек сакайып кет.
+11
Dembele84
2019-02-08 13:33:35
Мен ойлопмун Акжол оор жаракат алды,ошого элдерден жардам сурайбыз деп кайрылуу жасаганбы деп.Кыргыз элинин патриот жигитине болушунча жардам корсоткуло тезирээк айыгып кетсин урматтуу Спорт министрлиги!
+12
nurbek56
2019-02-08 13:40:17
Сабырбек Жумабековко эле корсотсо ошол да ондойт биздикилер чет мамлекет деген болуп жейишти гана ойлошот
+6
rysik79
2019-02-08 14:45:11
nurbek56,туура айттын. Сабырбек агабыз дуйнодогу 3 тун бири десек жанылбайбыз. Травмасы Сабырбек бейкеге тиешелуу болсо эле айыктырат буйруса. Айыгып кетсин оомииийн.
+3
Sizge.kat
2019-02-08 14:43:28
Ар бир намазда унутпай дуба кылып туралы тезирээк сакайып кетсин
+9
Sary-Bala
2019-02-08 18:24:45
Магада жардам керек
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-02-09 15:03:38
Sary-Bala, Аны 120 жепжутаттарга барып айт!
0
Kristianuronaldu
2019-02-08 19:16:09
Сакайып кет кыргыз ели сени мн биз сени жакшы коробуз
+2
Aznazalai
2019-02-09 01:52:42
Тарткылык болгон экен да.Сакайып кет
0
Kgda
2019-02-09 02:42:44
Россия фудбол варатары Игорь Акинфеевта мындан 10 жыл мурда ушундай катуу тизесинен жаракат алган эле аны да Германияда операция жасатып андан киин ал коп ийгиликтерге жетиго, Акжолда буйруса али коп ийгиликтерге жетет. Сабыр байке деле кучтуу бирок Германиядагы бар апараттар бизде жок ошон учун ошол жака жиберип атышат. Аллах шыпаасын берип жакшы болуп айыгып кетсин оомин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан