Улукбек Жолдошбеков жана Эрназар Акматалиев Иранда өткөн эркин күрөш боюнча "Тахти Кубогу" мелдешинин чемпиондору болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеш Тегеран шаарында 7-8-февраль аралыгында өткөн. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 14 балбан барып, алардын ичинен 3 балбан медалдарга ээ болушту. Улукбек Жолдошбеков менен Эрназар Акматалиев өз салмак чендеринде ийгиликтүү күрөшүп, финалга чейин жете алган.
Финалдык беттеште Жолдошбеков 61 килограммга чейинки салмак ченинде азербайжандык Ахмеднаби Гварзатиловдун үстүнөн жеңишке жетсе, Акматалиев 65 килограммга чейинки салмак ченинде грузиялык Георгий Ревазишвилини утуп алды. Бул жеңиш менен аталган спортчулар мелдештин чемпиондору аталышты.
Ал эми Нургазы Абдуразаков 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, көңүл жубатуучу раундда коло медалды тагынганга жарады.
Бул жыйынтык менен Кыргыз курамасы жалпы медалдык эсепте 3-орунду ээледи.
Буга чейин 2011-жылдан бери өтүп келе жаткан "Тахти Кубогунда" Кыргыз өлкөсүнөн барган балбандар 2 медаль гана жеңип келишкен. Алар Базар Базаргуруев жана Айбек Усупов болгон.